• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ирандын Биринчи вице-президенти Абылгазиевди Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 30.04.18. /Кабар/. Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Эсхак Джахангири Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Өкмөт башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Куттуктоо телеграммасында төмөндөгүлөр айтылат:

«Сиздин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри катары ишимердүүлүгүңүз учурунда жана сиздин көмөктөшүүңүз аркылуу жалпы кызыкчылыктарга жана өз-ара түшүнүшүүгө негизделген эки өлкө ортосундагы мамилелердин мындан ары карай өнүгүүсүнө күбө болобуз деп ишенем».

Пикир

Оставить комментарий