• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ирандын биринчи вице-президенти Мариповду премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Эсхак Джахангири Улукбек Мариповго Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Иран Ислам Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарды эске алуу менен, ошондой эле эки өлкөнүн мыкты экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен биз бардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүүсүнө күбө болоорубузга ишеним билдирем», - деп айтылат куттуктоо текстинде.

Пикир

Оставить комментарий