• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ирандын ИИМ башчысы КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына барды

Коом 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Ирандын ИИМ башчысы КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына барды, - деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жана Ирандын Ички иштер министрлери өлкөлөр ортосундагы коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан. Андан соң, Ирандын ИИМ башчысы Абдолреза Рахмани Фазли КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына барган.

"Жолугуушунун жүрүшүндө Кыргызстандагы жана Ирандагы баңги абалы, андан сырткары анын өнүгүү тенденциясы менен аны чечүүнүн жолдору талкууланды. Өз кезегинде Ирандык кесиптештерди Кыргызстандын баңгизаттар менен күрөшүүдөгү оң тажрыйба кызыктырды. Аялдардын ичинен баңгизаттарга көз каранды болгондордун санынын азайышы, бул багытта иштерди улантуу зарылдыгы белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Тараптар жаңы баңгизаттарды жана акыл-эске тасир этүүчү каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү чакырыктарга жана коркуутуларга каршы аракеттенүү максатында эл аралык кызматташтыкты бекемдөө керектигин белгилешкен.

Пикир

Оставить комментарий