• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ирандын Кыргызстандагы элчисинин дипломатиялык миссиясы аяктады

Саясат 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. 18-декабрда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Ирандын Кыргызстандагы элчиси Алимоджтаба Рузбеханини анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ч.Айдарбеков А.Рузбеханиге кыргыз-иран мамилелерин өнүктүрүү боюнча жасаган иши жана Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук мамилелердин бекемделишине кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде, Ирандын элчиси биргелешкен жемиштүү иш жана анын демилгелерине толук көмөк көрсөткөндүгү үчүн кыргыз тарабына ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий