• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ирандын президенти Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Ирандын президенти Хасан Рухани Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады, - деп билдирет Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматы.

"Сиздин президенттигиңиздин мезгилинде өлкөңүздө өнүгүү жана коомдун бакубатчылык баскычтары тездейт деп ишенем. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын негизинде Иран Ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасы экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, эки тараптуу мамилелерин мындан ары дагы өнүктүрөт" - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ал Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий