• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ирандын түнтүк-батышындагы жер титирөөдөн 80ден ашык адам жабыркады

Дүйнө 0

Бишкек, 07.05.18. /Кабар/. Ирандын түнтүк-батышындагы Кохгилуй жана Бойерахмад провинцияларындагы жер титирөөдөн сексен эки адам жабыркады,-деп билдирет IRNA агенттиги ыкчам медициналык жардам берүү борборуна шилтеме берип.

Жер титирөө Ясудж шаарынын тегерегинде дүйшөмбү күнү болжол менен саат 00:26 чамасында болгон. Очогу беш чакырым тереңдикте жайгашкан. Ясудждагы жер титирөөнүн натыйжасында электр чубалгылары бир нече убакытка иштен чыккан.

Жергиликтүү ыкчам медициналык жардам берүү борборунун жетекчиси Джалал Поуранфарда билдиргендей, окуя болгон жерде жергиликтүү 71 тургунга жардам көрсөтүлүп, 11 адам ооруканага жаткырылган.

Өткөн жумада Ясудж шаарынан түндүк-батышка карай күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бийликтин маалыматы боюнча 133 адам жаракат алган.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий