• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ирандын жогорку лидери аятолла Хаманеи: АКШ менен согуш болбойт

Коом 0

Бишкек. 15.05.19 /Кабар/. «Согуш болбойт, иран эли АКШга каршылык көрсөтүү жолун тандап алды жана бул аракеттер америкалыктарды артка чегинүүгө мажбур кылат», – деп билдирди Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хеменеи.

Иран элинин каршылык көрсөтүүсү согуштук мүнөзгө ээ болбой турганын белгилеген аятолла Тегерандын Вашингтон менен өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ниети жок экенин билдирди. Анын айтымында, АКШнын учурдагы президентинин администрациясы менен сүйлөшүү Иранга зыян гана алып келет.

8-майда Иран өзөктүк келишим боюнча айрым милдеттенмелерин аткарууну токтотконун жарыялап, бул чечими тууралуу Орусия, Улуу Британия, Кытай, Евробиримдик жана Германия элчилерине маалымат бергенин билдирген. Анда Тегеран мындай чечимди АКШнын өзөктүк келишимден чыгып, Иранга каршы санкцияларды киргизгендиги менен түшүндүргөн.

Майдын башында Дональд Трамптын улуттук коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы Жон Болтон АКШ Ирандын жээктерине USS Abraham Lincoln авиаташуучу кемеси башында турган чабуул жана бомбалоочулар тобун жөнөтүү менен «иран режимине ачык белги бергенин» билдирген.

Дүйшөмбү күнү The New York Times гезити Ак үйдөгү өз булактарына таянып, эгер Иран өзөктүк курал иштеп чыгуусун тездетсе, Пентагон Жакынкы Чыгышка 120 миң аскер кызматкерин жөнөтүүнү сунуштай турганын жазган. Бирок Дональд Трамп бул маалыматты жалган деп атаган. Ошол эле маалда ал эгер мындай пландар каралып калса, анда аймакка 120 миңден көп аскер жөнөтүлө турганын белгилеген.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео CNBC телеканалына берген интервьюсунда Ак үй аймактагы аскерлерин Ирандын ыктымал чабуул жасоо жана аймактагы америкалык кызыкчылыктарга доо кетирүү аракеттерине «жетиштүү деңгээлде жооп берүү» үчүн көбөйтүп жатканын айткан.

Жооп катары Ирандын президенти Хасан Рухани өлкөдөгү саясий күчтөрдү биригүүгө чакырып, азыркы абал 1980-жылдары Ирак менен согуш болгон маалдагыдан кыйла оорураак болушу мүмкүндүгүн белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий