• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ири өлчөмдөгү пара берип жаткан жеринен чет элдик жаран кармалды - УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.06.18. /Кабар/. Пара берип жаткан жеринен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда УК УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чарасынын алкагында пара берип жаткан жеринен “Л.А.С.” аттуу чет элдик жаран кармалган.

Кармалган жаран туристтик компаниялардын биринин жетекчиси УКМК кызматкери ири өлчөмдөгү пара берип, кыргыз визасын алууга жардам берүү маселесин чечүүгө аракет кылган.

Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери башталды.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Иликтөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий