• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ири суммадагы акча каражатын алып кетишкен. Алтын-Ордо конушунда каракчылык кылган төрт адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Алтын-Ордо конушунда курал колдонуп каракчылык кылган деген шек менен төрт адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милииясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 14-июль күнү болжол менен саат 04:14 чамаларында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Алтын-Ордо жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде каракчылык болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Тезинен ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке барган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда аныкталгандай, 14-июль күнү болжол менен саат 03:10до 20-25 жаш курактагы балдар медициналык беткап менен 38 жаштагы К.Н., аттуу жарандын үйүнө кирип, ага күч колдонуп, белгисиз курал менен коркутушкан.

Кылмышка шектүүлөр үй ээсинин 4 миң АКШ долларын, 60 миң сомун жана уюлдук телефонун алып, “Хонда фит” үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз тарапка из жашырып кетишкен.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Кылмыштын бетин ачуу үчүн Сокулук РИИБ кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, 21 жаштагы Э.С., 37 жаштагы Э.А., 20-жаштагы Т.К. жана Н.Б. аттуу жарандар кармалган. Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Учурда кармалган жарандар башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий