• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ирландия парламенти абортторду легалдаштыруу мыйзамын кабыл алды

Дүйнө 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Бейшембиде Ирландиянын парламенти абортторду легалдаштыруу мыйзамын кабыл алды. Эми ал өлкө президенти кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Мыйзамга ылайык, эми Ирландияда 12 айдан ашпаган мөөнөттө аборт жасатууга уруксат берилет. Эненин өмүрүнө коркунуч жаралганда же жатындын патологиясы учурунда андан кийинки мөөнөттөрдө дагы бойдон алдырууга болот.

Өлкөнүн премьер-министри Лео Варадкар парламенттин бул чечимин «ирландия аялдары үчүн тарыхый учур» деп атады.

Быйыл майда өткөн референдумда ирландиялыктардын 68 пайызы абортторду легалдаштырууну колдоп добуш беришкен.

Азыр Ирландияда Кош бойлуулукту токтотуу мыйзамы дүйнөдөгү эң катаал мыйзамдардын бири. Ага ылайык, аборт үчүн аялдар 14 жылга чейин эркинен ажыратылат. Мындан тышкары өлкөдө бойго бүтүрбөгөн дарыларды сатууга тыюу салынган. Аборт жасатууга зордуктоо, канбузуу же жатындын патологиясы маалында дагы уруксат берилген эмес. 2013-жылы өлкө партаменти был мыйзамды бир аз жеңилдетип, аялдын ден соолугу менен өмүрүнө коркунуч келген учурларда аборт жасатууга урусат берген.

Жыл сайын 3 миңден ашык ирландиялык аял бойдон алдыруу үчүн Улуу Британияга чыгып келишет. 1980-жылдан 2016-жылга чейин өлкө сыртында 170 миң аял аборт жасаткан.

Пикир

Оставить комментарий