• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ирригация боюнча мампрограмма миграция маселесин чечет - Таштаналиев

Коом 0

Бишкек, 13-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. 2017-2026-жылдарга карата ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасы миграция, чек ара аймактарынын жана кооперативдик кыймылдардын маселесин чечет. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев билдирди.

Анын айтымында, Мампрограмманын негизги максаты - калктын миграциясын кыскартуу, чек ара аймактарын бекемдөө жана кооперативдерди түзүү.

Ал жумушсуздуктун айынан калктын эмгекке жарамдуу бөлүгү көбүнесе башка өлкөлөргө кетишерин белгиледи. Бул көйгөйдү чечүү үчүн иш орундарын түзүү керек. “Бул үчүн жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү зарыл. Буга байланыштуу Мампрограммада ирригацияны өнүктүрүү жана сугат жерлерин 65 миң га көбөйтүү каралган. Өз кезегинде бул 250гө жакын жумуш орундарын түзөт”, - деди Департамент башчысы.

Таштаналиев айрым ирригациялык объекттер чек ара аймактарында курулуп жатканын белгиледи. Мындан тышкары, республикада кооперативдик кыймылдарды түзүү боюнча маселе көп.

Ошондой эле, ал жаңы сугат жерлер алдыңкы технологияларды колдонуу максатында кооперативдерге өткөрүү үчүн айыл өкмөттөрүнө берилерин айтты.

Анын айтымында, программанын алкагында быйыл 4 ирригациялык объектти баштап жана бүткөрүү пландалууда. 17 объект артыкчылыктуу болуп саналат.

“Алгач үч облустагы долбоорлорду аяктоо пландалып жатат. Анын ичинде, Ысык-Көл облусунун Кара-Ой районундагы Кара-Ой каналы, Нарындагы Баш-Кууганды жана Таластагы Ор-Марал курулуштарын быйыл бүткөрү мерчемделүүдө”, - деди Департамент башчысы.

Ошондой эле, К.Таштаналиев кытай гранты аркылуу 6 ирригациялык объект боюнча тендер өтүп жатканын айтты. Жакынкы бир жарым айда жалданма компания аныкталып, иш башталат. Ислам өнүктүрүү банкы боюнча Талас облусунда Сарымсак каналын куруу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий