• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ирригация боюнча программанын алкагында 634 гектар жаңы сугат жер колдонууга берилди

Президент 0

Бишкек. 18.05.19 /Кабар/. Ирригация боюнча программа кабыл алынып, былтыр 634 гектар жаңы сугат жер колдонууга берилди, 3,5 миң гектар жердин суу чыгарылышы жакшыртылды, каналдар ремонт болуп, суу менен камсыз кылууга шарт түзүлдү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Балыкчы шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

"Бизде суу бар, бирок, ошол эле мезгилде, сугат сууну жеткизе албай жатабыз. Кээ бир региондордо 100 миң - 50 миң гектар жерлерди иштеткенге мүнкүнчүлүгүбүз бар, ушуларды биз өздөштүрүшүбүз керек", - деди президент.

Мамлекет башчысы белгилегендей, ирригация программасына ылайык, 2026-жылга чейин 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт, 240 миңден ашуун жумушчу орун түзүлөт деп пландаштырылган.

"Бул аткарылышы оор, амбициялуу программа, бирок бардык тийиштүү мамлекеттик органдар ишке ашырууга милдеттендирилген", - деп белгиледи мамлекет башчысы.

"2023-жылга чейинки программаны ишке ашырабыз, анын алкагында жалпы суммасы 256 млн. доллар болгон, башкача айтканда 18 млрд. сом суммасында каржыланган 31 суу-чарба объектилери ишке берилет. Натыйжада 27 миӊ гектар жаӊы сугат жер пайда болот", – деп белгиледи Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий