• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ирсалиев: Бул айда Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда карточка аркылуу пенсия алгандарга пенсияларын почта кызматы жеткирип берет

Коом 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Бул айда Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда карточка аркылуу пенсия алгандарга пенсияларын почта кызматы жеткирип берет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында КР социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев

Ал белгилегендей, Кыргызстанда 670 миңден ашык пенсионер бар. Аларга пенсия төлөө үчүн ай сайын 4 млрд сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп турат. Пенсионерлердин 45%ы пенсияларын почта, 55%ы карточкалар, банк аркылуу алышат.

"9-апрелден баштап каржылоо ачылып, 10-апрелден тарта пенсиялар эсептерге түшө баштайт", - деди ал.

Анын айтымында, почта аркылуу пенсия алгандарга пенсиясы үйүнө жеткирилет. Ал эми банк аркылуу пенсия алып жүргөндөр акчаларын адаттагыдай эле банк, карточкасы аркылуу ала алат. Бирок Ирсалиев, бул айда Сузак, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда пенсиясын карточкасы аркылуу алган пенсионерлерге акчасы почта кызматы тарабынан жеткирилерин билдирди.

"Кара-Суу, Сузак жана Ноокат райондорунда 60 миңден ашык пенсионер пенсияларын банк аркылуу алчу. Бул райондордукун почта кызматына өткөрүп жатабыз. Бул убактылуу түрдө 1 айга эле болуп жатат. Пенсионерлер муну туура түшүнөт деп ойлойм", - деп, ал бул үч райондогу пенсионерлерге пенсиясын жеткирген учурда, алар үйүндө болбой, акчасын ала албай калса, албай калган пенсиясы кийинки айдагы пенсиясы менен бирге карточкасынын эсебине толук которуларын билдирди.

Ошондой эле Ирсалиев, Бишкек менен Ош шаарларында пенсионерлер пенсияларын адаттагыдай эле алышарын, башкача айтканда карточка аркылуу алгандар карточкасынан аларын, почта аркылуу алгандарга почта кызматы жеткирип берерин айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий