• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Иса Өмүркулов: КСДПнын чечими легитимсиз

Саясат 0

Бишкек, 01.11.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында анын КСДПнын катарынан чыгаруу тууралуу саясий кеңештин чечимине өз оюн билдирди.

Күн мурун КСДП партиясы Өмүркуловду партиянын катарынан чыгаргандыгы тууралуу билдирүү тараткан. Ошондой эле Жогорку Кеңешке Өмүркуловду КСДП фракциясынын лидерлигинен чакыртып алуу сунушу жиберилген.

“Партия түзүлгөндөн бери мен бул жактамын. Бирге көптөгөн нерселерди баштан өткөрдүк. Менин жана үй-бүлөмдүн жашоосуна коркунуч болгон учурда да мен партия менен бирге болдум. Мен протоколду жана ким добуш бергендигин көргөн жокмун. Протоколдо эч кандай фамилиялар болгон эмес. Саясий кеңештин бир “кучка” 7-8 мүчөсү чечим кабыл алышкан, бул чечим легитимсиз. Саясий кеңештин калган мүчөлөрү эмне үчүн мени чыгарып салышкандыгы тууралуу билишпейn жана түшүнбөй да жатышат”, - деп билдирди Өмүркулов.

Анын пикири боюнча, ал партиянын уставын, кызыкчылыктарын жана тартибин бузган эмес.

Пикир

Оставить комментарий