• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Иса Өмүркулов: “Вегетативдик мезгилге карата ирригациялык каналдарды даярдоо зарыл”

Коом 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. Вегетативдик мезгилге карата ирригациялык каналдарды даярдоо зарыл. Бул тууралуу парламенттин жыйынында КСДПнын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

ЖК депутаттары бүгүн пленардык жыйында 2017-жылга жазгы талаа жумуштарына даярдыктын жүрүшү тууралуу өкмөттүн маалыматын угушту.

Депутат И.Өмүркулов элди күйүүчү-майлоочу майлар, жер семирткичтери менен жетишээрлик камсыздоонун, ошондой эле жаңы вегетативдик мезгилге карата ирригациялык каналдарды даярдоонун актуалдуулугун белгиледи.

“Ошондой эле, Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү насостук станциянын абалына көңүлүңүздөрдү бурам. Бул айыл дотацияда болгондуктан, насосторду өз алдынча калыбына келтире албайт. Өткөн жылы айылда сел жүргөн. Жергиликтүү бийлик бардык күч-аракетин анын кесепеттерин жоюуга жумшаган. Андыктан Суу чарба департаментинин балансынан 3 насос берүүнү сунуштайм”,-деди И.Өмүркулов.

Мындан тышкары, депутат Токтогул суу сактагычы курулгандыгына байланыштуу көчүрүлгөн Токтогул районунун тургундарын өкмөт ыңгайлуу шарттар менен камсыздоого милдеттенгенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий