• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исаев Австралиянын жаңы дайындалган элчисинин ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 28.03.23./Кабар/. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Австралиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Грейм Лесли Михандын ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.

Жолугушуу күн мурун, 27-мартта өтүп, анда кыргыз-австралия кызматташтыгынын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги талкууланды. Атап айтканда, туризм жана тоо-кен өнөр жайы тармагында австралиялык тажрыйбаны колдонуу, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерине көңүл бурулду.

А.Исаев австралиялык дипломатты кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Австралиянын ортосундагы мамилелерди мындан ары чыңдоо кызыкчылыгында ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде, элчи Г.Михан жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн күч-аракетти жумшоого даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий