• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР ТИМ башчысынын биринчи орун басары 6 өлкөнүн элчисинен ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министрдин биринчи орун басары Молдова Республикасынын элчиси Лилиан Дарий, Португалия Республикасынын элчиси Мария Мадалена Лоба Карвалью Фишер, Никарагуа Республикасынын элчиси Альба Азусена Торрес Мехиа, Кипр Республикасынын элчиси Кипрос Йоргаллис, Черногориянын элчиси Милорад Шчепанович жана Гватемала Республикасынын элчиси Хайро Давид Эстрадо Барриос менен жолугушууларды өткөрдү.

Министрдин биринчи орун басары элчилерди Кыргызстанда дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, мамлекеттер ортосундагы мамилелерди мындан ары чыңдоо максатында биргелешкен иштерди аткарууга чакырды.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун күн тартибиндеги маселелерди, саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү маселелерин талкуулашышты. Ошондой эле көп тараптуу платформаларда кызматташуу боюнча пикир алмашуу болду.

Молдованын элчиси Л. Дарий өлкөдөгү кырдаал тууралуу кыскача маалымат берип, ТИМ аралык саясий консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүп турууну жана эки тараптуу Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин кайра жандандыруу маселесин кароону сунуштады.

Португалиянын элчиси М. Карвалью Фишер менен жогорку жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды, энергетика, гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында эки тараптуу кызматташуунун келечеги боюнча сүйлөшүү болду. Мындан тышкары, португалиялык тарап Португалия менен Кыргызстандын университеттеринин ортосунда студенттерди алмашууну, ошондой эле эки өлкөнүн кичи жана орто бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда ноу-хау жаатында кызматташууну түзүүнү сунуштады.

Никарагуанын элчиси А. Торрес Мехиа айымдын айтымында, Кыргызстан менен Никарагуанын кызматташтыгынын келечектүү багыттарынын бири маданий-гуманитардык өз ара байланыштарды өнүктүрүү, атап айтканда, улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын Латын Америка өлкөлөрү үчүн испан тилине которууну баса белгиледи.

Кипрдин элчиси К. Йоргаллис менен жолугушууда негизги темаларынын бири туризм, билим берүү жана илим тармагы, ошондой эле көп тараптуу платформаларда – БУУ, ЕККУ жана Европа Биримдигинин алкагында кызматташууну кеңейтүү болду.

Черногория элчиси М. Шчепанович туризм тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү максатында эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин кароосуна макулдашуулардын долбоорлорун тапшырды. ТИМ аралык консультацияларды өткөрүү жана ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелери дагы бир потенциалдуу багыт болуп белгиленди.

Гватемала элчиси Ж. Барриос БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында саясий диалогду кеңейтүүгө, ТИМ аралык саясий консультацияларды өткөрүүгө чакырды. Ошондой эле, эки тараптуу консультацияларды өткөрүү, билим берүү тармагында кызматташуу жана дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн өз ара жүрүү режимин жеңилдетүү сунушу айтылды.

Жолугушуулардын аягында министрдин биринчи орун басары Асеин Исаев жогоруда белгиленген өлкөлөр менен кызматташууну мындан ары чыңдоо боюнча көз карашы менен бөлүшүп, Элчилердин иштерине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий