• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исаева: Бизнес тармагы экономикалык форумга активдүү кызыгуусун көрсөтүп жатат

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-майда Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтүүдө.

Форумдун жүрүшүндө бир катар өлкөлөрдүн эксперттери көптөгөн актуалдуу маселелерди талкуулашууда. Иш-чара алты талкуу аянтчасына бөлүнүп, анын жүрүшүндө 20га жакын сессия өтүүдө. Тараптар экономика, санариптештирүү, логистика маселелерин козгоп, ошондой эле учурдагы геосаясий кырдаалдан чыгуунун жолдорун карашууда.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаева форумдун эффективдүүлүгү тууралуу комментарий берип жатып, бизнес тармагы экономикалык форумга активдүү кызыгуусун көрсөтүп жатканын маалымдады.

“Өткөн сессияларда суроо-жооп форматы болгон жок. Менимче, бул бизнеске керек эле. Эгер кийинки форумда убакыт кенен болсо, бизнес тармагынын кызыгуусу мындан да көп болот деп ишенем”, - дейт ал.

Исаева жер тилкелери, алардын мүмкүнчүлүктөрү, жер семирткичтер, үрөн материалдары боюнча маалыматтарды санариптештирсек, анда жыйынтык эффективдүү болорун белгилейт.

“Кыргызстан замандын агымынан калбашы керек. Тилекке каршы, биз санариптештирүү деңгээли боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында 5-орунда турабыз. Алдыга чыгышыбыз керек. Санариптештирүү – бул агроөнөр жай комплексинин да, өнөр жайдын да өндүрүшүнүн ийгилиги”, - деп жыйынтыктады Исаева.

Пикир

Оставить комментарий