• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исаевдин күнөөсү тергөө маалында алынган далилдер менен далилденүүдө - УКМК

Коом 0

Бишкек, 04.10.17. /Кабар/. Канат Исаевге коюлган айыптоолор тергөө маалында алынган далилдердин топтому менен далилденүүдө,- деп түшүндүрөт УКМК бул иш боюнча.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, иштин материалдарында күбөлөрдүн түз көрсөтмөлөрү, сот тарабынан бекитилген видео жана аудиоматериалдар Исаев жана анын тарапташтары бийликке мыйзамсыз, күч колдонуу менен келүү максатында өлкөдөгү, анын ичинде республиканын аймактарындагы абалды КР президентин шайлоо учурунда шайлоо жыйынтыгы бурмаланган деген шылтоо менен туруксуздаштыруу планын түзүшкөн.

Бул планды ишке ашыруу үчүн Исаев жана анын колдоочулары ири акча каражаттарын жумшап, жаштарды, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүн укук коргоо органдарына каршылык көрсөтүү үчүн топтоп жана азгырышкан. Учурда Исаевдин бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыктарды уюштуруу иши боюнча тиешеси барлар сурактардын жана беттештирүүнүн жүрүшүндө Исаевдин түздөн-түз катыштыгын жана анын күнөөсүн толук далилдеген көрсөтмөлөрдү беришти.

Азыркы тапта тергөө тарабынан окуяга тиешеси бар жактардын баарын аныктоо жана алардын күнөөсүнүн деңгээлин белгилөө чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий