• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исаков: 2016-жылы өлкөнүн экономикалык өсүш көрсөткүчү 3,8 пайызга жеткен

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.11.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жѳнүндѳ отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр Сапар Исаковдун айтымында, 2016-жылы республикалык бюджетке каражаттын түшүүсү 115 млрд 700 млн сомду түзгөн, ал эми өлкөнүн экономикалык өсүш көрсөткүчү 3,8 пайызга жеткен.

Ошондой эле, республикалык бюджеттин жалпы чыгымдары 136 млрд 900 млн сомго аткарылган. ал эми бюджеттин корголгон статьяларынын баары толугу менен каржыланган.

Андан тышкары, 2016-жылы бюджет таӊсыктыгын 0,2 пайызга кыскартылып, аны 4,6 пайыз деӊгээлинде кармап турууга мүмкүн болду. 2016-жылдын жыйынтыгында инфляциянын деӊгээли 0,4 пайыздын тегерегинде жүргөнү белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий