• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исаков: 2017-жылы бюджеттин корголгон беренелери толугу менен каржыланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.04.18 /Кабар/. Өкмөттүн калк алдындагы башкы милдети алардын жашоо турмушун жакшыртуу болуп саналат. Өткөн жылы өлкө экономикасынын баардык тармагында макроэкономикалык өсүштөр байкалып, жалпысынан 135 млрд сом көлөмүндө киреше алынды. Ошентип, макроэкономикалык өсүш 4,6 пайызды түздү. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеӊештин «Өнүгүү - Прогресс», «Республика – Ата Журт», «Ата Мекен» фракцияларынын биргелешкен кезексиз жыйынында Өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министрдин айтымында, 2017-жылы эмгек акынын орточо өлчөмү 6,7 пайызга өсүп, 15,4 миӊ сомду, ал эми пенсия 6,5 пайызга өсүп, 4501 сомду түздү. «Тышкы соода жүгүртүү 12,5 пайызга өстү. Ал эми экспорттун көлөмү Евразия экономикалык бирлигинин курамындагы өлкөлөргө 27 пайызга, башка өлкөлөргө 8,6 пайызга көбөйдү», - деп кошумчалады Сапар Исаков.

Андан тышкары, Кыргызстандын дүйнөлүк рейтигде ээлеген орду да жакшырды. Мисалы, мурда өлкөнүн экономикалык эркиндиги боюнча рейтингде 89-орунда болсо, азыр 78-орунга которулган. Калктын мамлекеттик органдарга карата ишеними 65,4 пайызга жеткен.

«Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн 59 пайызы социалдык багытта жумшалды. бюджеттин чыгаша бөлүгү 152 млрд сомго жеткени, бюджеттин корголгон беренелери толугу менен каржыланды. Эмгек мигранттарынын акча которуулары да өсүп, 2,4 млрд сомго жетти. Ошондой эле, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 2,7 млрд сом көлөмүндө 2440 жеӊилдетилген насыя берилди», - деди премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий