• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Исаков: 2018-2020-жылдары ИДПнын реалдуу өсүшү орточо эсеп менен 4,5%дык деңгээлде кармалып турушу пландаштырылууда

Өкмөт 0

Бишкек, 24.11.17 /Кабар/. «Инфляциянын деңгээли 5,1%да сакталып турса, анда 2018-2020-жылдары ИДПнын реалдуу өсүшү орточо эсеп менен 4,5%дык деңгээлде кармалып турушу пландаштырылууда», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 23-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында өлкөнүн 2016-жылкы республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча отчету, үстүбүздөгү жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2018-жылга республикалык бюджеттин долбоору жана 2018-2020-жылдарга болжол маселелери каралып жаткан учурда. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жылдын республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолдун параметрлери Өкмөттүн “Жаңы доорго – кырк кадам” программасындагы негизги приоритеттерди жана багыттарды эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга фискалдык саясатынын негизги багыттарынын алкагында иштелип чыкты.

«2018-жылдын республикалык бюджетинин долбоорунда кирешелер 142,5 млрд сомдун, чыгашалар 162,8 млрд сомдун, дефицит 20,2 млрд сомдун тегерегинде сакталса, анда ИДПга карата өсүш 3,8%ды түзүшү күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2017-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 2018-жылдын параметрлеринен бюджеттин тартыштыгын 3 млрд сомго, же ИДПга карата 0,9 пайызга азайтууга жетишти», — деди Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, 2020-жылга карата орто мөөнөттүү келечекте Өкмөт тышкы гранттык жардамдарды жана капиталдык чыгашаларды кошпогондо, дефицитти 6,5 пайыздан 1,5 пайызга чейин 4 эседен көп кыскараарын пландаштырууда.

Өкмөт башчынын айтымында, пландаштырылган тышкы жардамдарга жана жеңилдетилген насыяларга финансылык көз карандылыкты кыскартуу үчүн көмүскө экономика сыртка чыгарылат, салыктык базаны көбөйтүп, аны башкаруу иштери жакшыртылат, заманбап санариптик технология ишке киргизилет, саламаттыкты сактоодо, билим берүүдө жана социалдык жактан коргоого кеткен мамлекеттик чыгашалардын эффективдүүлүгү жогорулатылат.

Сапар Исаков билдиргендей, буга карабастан Өкмөт эл аралык финансы институттары тарабынан каржыланып келген экономиканын негизги секторлоруна жеңилдетилген инвестициялык долбоорлорду тартуу боюнча активдүү саясатты улантат.

«Ошондой эле Түндүк-түштүк авто жолунун курулушу, Токтогул ГЭСинин реабилитациялоосу, калкты таза суу менен камсыздоо долбоорлору, ирригациялык тармактар жана башка маанилүү инфраструктуралык долбоорлор артыкчылыкка ээ болушат», — деди Сапар Исаков.

Премьер-министр маалымдагандай, пландаштырылып жаткан үч жылдык мезгилдин ичинде салыктык түшүүлөрдүн орточо жылдык өсүшү дээрлик 7,4 пайыз болушу каралган. Мунун ичинде экономикага салыктык жүк ИДПга карата 26,5 пайыздан 22,3 пайызга чейин төмөндөйт.

Өкмөт башчы белгилегендей, “Жаңы доорго – кырк кадам” программасынын негизги багыттарын ишке ашыруу адам ресурстарын натыйжалуу башкарууга, жаңы бизнес процесстерин ишке киргизүүгө, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө коррупциялык факторлордун кыскарышына өбөлгө болот.

«Бюджеттин киреше бөлүгүн администрациялоону жакшыртуу жаатында биз товарларга маркаларды басуу, НДС боюнча электрондук счет-фактураларды киргизүү, контролдук-касса аппараттарын оптималдаштыруу ыкмаларын киргизүү аркылуу салыктык чогултууларды кескин жогорулатууну пландаштыруудабыз. Мунун баары жыл сайын салыктын өсүшүн 10 млрд сомго чейин чыгарууга мүмкүнчүлүк түзөт», — деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, 2018-жылы бюджеттин кирешелер бөлүгүндө салыктык кирешелер 106 млрд сомдун тегерегинде, же 75% болжолдоп жатабыз, ал эми салыктык эмес кирешелер 21,8 млрд сомду, же 15% түзөт.

«2018-жылдын чыгаша саясаты өз убагында жана толугу менен мамлекеттик социалдык кепилдиктерди каржылоого, мамлекеттин ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, ички мүмкүнчүлүктөрдү теңдештирүүгө багытталат. Бюджетте чыгашалар мурдагыдай эле социалдык чыгымдарга багытталышы сакталат. 2018-жылдын жалпы чыгашаларынын 48%ы саламаттыкты сактоого, билим берүүгө жана социалдык коргоого жумшалат», — деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министрдин айтымында, 2018-жылы экономикалык сектор негизги каржылоо багыттарынан болот, аны каржылоо көлөмү 50 млрд сомду, же жалпы чыгашалардын 29%ын түзөт.

«2018-жылы ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана экспортко багытталган ишканаларды колдоо багыты да улантылат. Тагыраак айтканда, айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн коммерциялык банктарга 700 млн сом субсидия берилет. Ал эми экспортко багытталган жана импорттун орун алмаштырган ишканаларга 100 млн сомдун тегерегинде каралууда», — деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы билдиргендей, 2018-жылы мамлекеттик органдардын чыгашаларын оптималдаштыруу, Өкмөттүн структурасын кайрадан кароо, мамлекеттик аппаратты кыскартуу мүмкүндүгүн кароо пландаштырылууда, өз кезегинде бул үнөмдөлгөн каражаттарды башка приоритеттүү багыттарга жумшоого мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Мындан тышкары Премьер-министрдин айтымында, жарандарды жеткиликтүү ипотекалык насыялоо менен камсыздоо 2018-жылдын негизги артыкчылыгы болуп кала берет, бул максатта 500 млн сом каралган.

Ошондой эле Сапар Исаков белгилегендей, 2018-жылдын “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 2,9 млрд сом каралды, алар курулуш даярдыгы жогору болгон социалдык-экономикалык маанидеги объекттердин курулушуна жана реконструкциясына жумшалат.

« Бул берене боюнча биз мурунку жылдардай эле, кошумча булактардын таап, капиталдык курулуштарды каржылоону көбөйтөбүз», — деди Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт 2018-жылдын бюджетиндеги бардык милдеттердин толугу менен аткарылышына, социалдык-экономикалык өнүгүшүн камсыздоого, бюджет системасынын туруктуулугунун сакталышына жана анын балансын сактоого бардык күч-аракетин жумшайт.

Пикир

Оставить комментарий