• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исаков «Abu-Dhabi Islamic Bank» башкы директору Хамис Бу Харун менен жолукту

Өкмөт 0


Бишкек, 11.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 10-февралда Дубай шаарындагы (БАЭ) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ишине катышуу алкагында «Abu-Dhabi Islamic Bank» башкы директору Хамис Бу Харун менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Жолугушууда тараптар өз ара кызматташуунун алдыдагы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Өкмөт башчы Сапар Исаков талкуунун жүрүшүндө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана инвесторлордун ишин жөнгө салган мыйзамдары тууралуу айтып берди.

Банктын директору Хамис Бу Харун эки өлкө ортосунунда эки тараптык мамилелердин өнүгүшүндө жагымдуу динамика байкалып жатканын баса белгиледи. Ошондой эле, ал эки өлкөнүн ортосундагы товар айлануусун жакшыртуу үчүн Банк өзүнүн салымын кошууга даяр экенин белгиледи.

Андан тышкары Премьер-министр жана «Abu-Dhabi Islamic Bank» башкы директору кызматташуунун приоритеттүү багыттарын талкуулашты. Тактап айтканда, айыл чарбага, туризм жана кыймылсыз мүлктү инвестициялоо тууралуу маселелерди карашты. Ошондой эле, тараптар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана «Abu-Dhabi Islamic Bank» ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Премьер-министр Банктын өкүлдөрүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө үчүн Кыргызстанга чакырды.

Банктын башкы директору Кыргызстанга инвестициялоонун мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга даяр экенин белгиледи. Ал ошондой эле, Кыргыз Республикасына келип кетүүгө жана абалды изилдеп, ага катар маморгандар жана жергиликтүү компаниялар, кызыктар тараптар үчүн санариптик көндүмдөр боюнча кеңештерди берүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий