• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков: Адамзат маданиятынын маанисин жоготпогон байлыгы – бул тили

Өкмөт 0

Бишкек, 22.09.17 /Кабар/. «Адамзат маданиятынын маанисин жоготпогон байлыгы – бул тили. Доор алмашат, дүйнө өзгөрөт, бирок тил калат. Ар элдин эң улуу, эң ыйык байлыгы – анын эне тили. Эне тили жок эл – эч качан өзүнчө эл боло алган эмес», — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 22-сентябрда, Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш чарада.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, премьер кыргыз эли тарыхый тагдырына тобо келтирип, шүгүр десе болорун, эң кыйын кезеңдерге карабай кыргыз эли кылымдар бою өз эне тилин табериктей таза сактап келгендигин баса белгиледи.

«Өз тилинде «Манас» баштаган кайталангыс маданий-рухий дөөлөттөрдү жаратты. Тилдин тагдыры бул – элдин тагдыры. Бүгүнкү күнү тилибизге чоң камкордук көрүлүп, атайын Программанын алкагында иш ийгиликтүү жүрүп жатат. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү менен катар эле, тил саясатын өркүндөтүүгө жетиштүү каражат каралууда», —деди Сапар Исаков.

Премьер-министр кыргыз тили күндөлүк турмуштун, адабияттын, саясаттын жана мыйзамдын гана тили болбостон, илимдин, техниканын, медицинанын да тилине айланып баратканын баса белгиледи.

Ал ошондой эле «Жыңы доорго – кырк кадам» программасында да мамлекеттик тил саясатынын багыты так көрсөтүлгөнүн , мамлекеттик тил катары кайсы гана тармак болбосун өз ордун табат деген чоң ишеничи бар экенин кошумчалады.

«Мамлекеттик тил күнү – элдик майрам. Жалпыңыздарга ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана бакубаттуулукту каалайм! Улуттук тилди, улуттун намысын туу тутуп бийик көтөрөлү! Ушул тилекке жеткирчү улуу жолубуз байсалдуу, акжолтой болсун», — деп жыйынтыктады Сапар Исаков.

Аны менен бирге Өкмөт башчы мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган иллюстративдик китеп көргөзмөсүн көрүп андагы материалдар менен таанышып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий