• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Исаков Айыл чарба министрлигинин жетекчилигине айтылган сынга байланыштуу позициясын билдирди

Өкмөт 0

Бишкек, 19.01.18 /Кабар/. Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинде жана жалпы агрардык сектордо реформалар башталган. Алар Министрликтин функцияларын кайрадан карап чыгууга, «Таза Коом» программасынын алкагында алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле фермерлердин иштөө шартын: экспорттук мүмкүндүктү жогорулатууга, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыгын жана алардын жаңы рынокторго чыгуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга тийиштүү болуп саналат. Натыйжалуу айыл чарба кооперативдерин түзүүгө чоң күч жумшалууда. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

«Дүйнөлүк агрардык экономикага интеграциялашуу үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жетишүү зарыл. Ал үчүн өндүрүлгөн продукция арзан түшүп, ал эми сапаты жана эмгек өндүрүмдүүлүгү жогору болушу кажет. Бул көрсөткүчтөргө өндүрүлгөн продукцияны кайра иштетүүнү, ташууну жана сатууну уюштуруу, заманбап техника жана жабдууларды киргизүү, инвестициялар менен иш алып баруучу өндүрүштүк жана керек-жарак кооперативдерди түзүү жана алардын ортосундагы кооперациялык байланыштарды уюштуруу аркылуу жетишүүгө болот.

Бул фермерлердин иштөөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдөгү бирден-бир мыкты дүйнөлүк тажрыйба болуп саналат», - деди Сапар Исаков.

Премьер-министр кошумчалагандай, ар-тараптуу функционалдык талдоодон соң, мамлекеттик аппаратты, анын ичинде КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинде да кыскартуу боюнча ойлонулган жана негиздүү чечим кабыл алынат.

Ошондой эле Сапар Исаковдун айтымында, агрардык секторго инвестицияларды тартуу боюнча жигердүү иш башталды, анын катарына логистикалык хабдарды, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу кирет. Азыркы тапта өлкөдө төрт жаңы ветеринардык лаборатория курулуп, кошумча 12 ветеринардык лабораториялар толугу менен реконструкцияланды, эки фитосанитардык лабораториялар боюнча реконструкциялык иштер жыйынтыкталган, биринде жумуштар аткарылууда; ЕАЭБ, ошондой эле Россия-Кыргыз Фондунун алкагында агрардык сектордогу чакан жана орто бизнести насыялоо боюнча чоң жумуш жасалган.

Ошол эле учурда Премьер-министр белгилегендей, депутаттар тарабынан айтылган көйгөйлөрдүн көбү чындыгында орун алууда.

«Агрардык секторду өнүктүрүү иштери боюнча көп жылдардан бери топтолгон чоң кемчиликтер бар экенине макулбуз. Өкмөт тийиштүү мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу боюнча депутаттар тараптан түшкөн сунуштар үчүн ачык жана кызыкдар тараптар менен тийиштүү консультацияларды өткөрүүгө даяр. Буга байланыштуу конкреттүү сунуштарды алууну каалайт элек», - деп жыйынтыктады Сапар Исаков.

Пикир

Оставить комментарий