• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исаков анын «Facebook» расмий баракчасынын активдүү пайдалануучулары менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 08.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 7-декабрда, өз долбоорлорунун бетачарын сунуштоо, ошондой эле жеке маселелерин айтуу үчүн жеке жолугушуу тууралуу өтүнгөн өлкө жарандары – Өкмөт башчынын «Facebook» социалдык тармагындагы расмий баракчасынын активдүү пайдалануучулары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк подразделениелеринин жетекчилери катышты.

Премьер-министр Сапар Исаков мындай иш-чараны өткөрүү маанилүүлүгүн белгилеп, катышуучуларга активдүү жарандык позициясы үчүн ыраазычылык билдирди, анын натыйжасында өлкөдөгү бир катар көйгөйлөр боюнча чечимдер кабыл алынууда.

«Мен сиздер коомдогу кемчиликтерди көрсөтүүнү уланта берүүңүздөрдү каалайм. Сиздерге белгилүү болгондой, Өкмөт Аппаратынын түзүмүндө бөлүм түзүлгөн, ал орун алган көйгөйлөр боюнча ыкчам жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу үчүн социалдык тармактарды мониторингдөө менен алектенет», – деди Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн жаңы курамынын келүүсү менен ачыктык саясаты жарыяланган, буга байланыштуу жарандык коом менен байланыш күчтөндүрүлгөн.

«Биз үчүн такай жолугушуп туруу маанилүү. Өкмөт жана мамлекеттик органдар бардык пикирлерди эске алуу менен чечимдери кабыл алууда ката кетирбеши керек», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Торалиева маалымдагандай, күн сайын Өкмөт башчынын «Facebook» расмий баракчасына 50 жакын маалыматтар келип түшөт. Ал билдиргендей, Өкмөт Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү жарандардын социалдык тармактардагы кайрылууларын мониторингдөө жыйынтыгы боюнча алардын өзгөчө талкуу жараткандарына ыкчам жооп кайтарууга аракет жасоодо.

Жолугушуунун жүрүшүндө жолугушууга келген жарандар Өкмөт башчыга фармацевтикалык тармакты санариптештирүү, жол кыймылы тутумун автоматташтыруу, атамекендик айыл чарба жана бут кийим тармагын өнүктүрүү, юридикалык жактар жана санариптик кайрымдуулук тутуму тууралуу маалыматты издөө боюнча ресурсту киргизүү боюнча долбоорлорун тартуулады.

Мындан тышкары маданият, өлкө аймактарындагы коммуникацияларды орнотуу, чек ара жана милиция кызматындагы кемчиликтер, ошондой эле жарандардын жеке мүнөздөгү маселелери талкууланды.

Премьер-министр Сапар Исаков жана катышуучулар санариптик медицинаны, “Акылдуу шаар” долбоорун киргизүү, алыскы аймактарды интернет-байланыш менен камсыздоо, жол коопсуздугун жана маморгандардагы менеджменттин натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик сатып алуулар тутумундагы, жарандык авиация жана айыл чарба жаатындагы реформалар боюнча Өкмөттүн планын тыкыр талкууга алды.

Ошондой эле Өкмөт башчы «Таза Коом» улуттук программасын ишке ашыруу боюнча чараларга кеңири токтолду.

Жолугушуунун соңунда тийиштүү мамлекеттик органдарга бардык айтылган маселелер боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди. Мындан тышкары, Сапар Исаков жети баланы тарбиялап жаткан, оор социалдык абалда калган жалгыз бой баатыр эне Сейдалиева Гүлзатка материалдык көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди.

Жыйынтыгында Премьер-министр Сапар Исаков коомдук кабыл алуу алкагында сунушталган долбоорлорду тыкыр талдоого алуу жана жеке мүнөздөгү маселелерди чечүү үчүн 10 адамды кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий