• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Исаков Араван районунда жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 17-мартта, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Араван районун Нурабад айыл аймагындагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдиргендей, өкмөт башчы атамекендик айыл чарба өндүрүшчүлөрүнө тийиштүү шарттарды түзүү маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп кетти.

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин айтымында, жазгы-талаа иштери жагымдуу аба-ырайына байланыштуу Араван району боюнча белгиленген мөөнөттөн эрте башталып, жыйынтыктоого жакындап калды. Ал маалымдагандай, жазгы-талаа иштерине тийиштүү бардык маселелер ыкчам чечилүүдө.

Премьер-министр Сапар Исаков тийиштүү мамлекеттик органдарга айыл чарба өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген шартта күйүүчү-майлоочу майларды берүү маселесин карап чыгууну тапшырды.

«Араван району жазгыңталаа иштерин жүргүзүү боюнча мыкты көрсөткүчтөргө жетишүүдө жана республиканын башка райондоруна үлгү болуп берди. Аны менен катар биз үчүн жазгы-талаа иштерин өлкөнүн бүткүл аймагында өз учурунда жүргүзүп алуу абдан маанилүү. Ал үчүн буга чейин профилдик мамлекеттик орган жетекчилеринин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусундагы селектордук кеңешмеде үстүбүздөгү жылы жазгы-талаа иштерин тийиштүү түрдө өткөрүү тууралуу менден бир катар тапшырмалар болгон», - деп белгиледи Өкмөт башчы жергиликтүү фермерлер менен жолугушуу учурунда.

Премьер-министр Кыргызстан жана Өзбекстан ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнүн жагымдуу тенденцияларын белгилеп кетти жана бул республиканын чектеш райондорун өнүктүрүүдө маанилүү өбөлгө түзөөрүн белгиледи.

Социалдык объектилердин курулушу боюнча маселеге кайрылууда, Өкмөт башчы 2018-жылдын бюджетине инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу менен катар, курулушу бүтпөй калган, анын ичинде Араван районундагы мектептердин курулушун жыйынтыктоого каражаттар камтылганын маалымдады.

Райондун тургундары Өкмөткө жаралган маселелерди өз учурунда чечип жатканы үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, Сапар Исаковго Премьер-министрлик кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалашты.

Ошондой эле Өкмөт башчы Араван районундагы «Курулуш Материалдардын Түштүк Комбинаты» (КМТК) ЖЧК цемент заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Премьер-министрге бүгүнкү күндө дээрлик бардык курулуш жана монтаждоо иштери жыйынтыкталганы тууралуу маалымат берилди.

Үстүбүздөгү жылдын май айында ишкана баштапкы сыноолорду өткөрүүнү жана июнь айында завод продукциясынын биринчи партиясын чыгарууну пландоодо.

Премьер-министр мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик ушул сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда тийиштүү колдоо көрсөтүп туруусу керектигин белгиледи.

Өкмөт башчы алдыда белгиленген завод региондо эле эмес, республика боюнча лидер болооруна ишеним артып жатканын билдирди.

Маалымат иретинде:

Араван районундагы «КМТК» ЖЧК үчүн жаңы клинкердик өндүрүштүк линиясын куруу долбоорунун ишке кирүүсү менен ишканадагы жалпы жумушчу орундар 500гө жетет. Андан сырткары республиканын бюджетине түшүүчү салык 3,6 эсеге (жылына 468 млн. сомго жакын) жогорулашы күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий