• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Исаков: Атамекендик 43 ишкана ЕАЭБ өлкөлөрүнө өздөрүнүн продукциясын жибере алышат

Өкмөт 0

Бишкек, 17.04.18 /Кабар/. 2017-жылдын аягында ата мекендик 43 ишкана ЕАЭБдеги Ишканалардын реестрине киргизилди. Эми бул ишканаларга ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташууда жана жеткирүүдө чек коюлбайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 17-апрелде, Өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» фракцияларына отчет берип жатып айтты.

«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынан келген эмгек мигранттары ЕАЭБ аймагында башка өлкөлөрдүн, ага КМШ жарандарын кошуп караганда, салыштырмалуу төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ: иштеш үчүн патент албайт; мигранттар жана алардын үй-бүлөсү социалдык камсыздоого тең укуктуу; милдеттүү медициналык камсыздандырууга ээ (ОМС); биздин жарандар жумушка орношкондо алардын квалификациясы жөнүндө документтер толугу менен таанылат; биздин эмгек мигранттарыбыз жеке жактардын кирешесинен алынуучу салыктарды ошол өлкөнүн ставкасы боюнча төлөшөт (Россияда – 13%). Ал эми ЕАЭБге кирбеген мамлекеттердин жарандары Россияда 30% төлөшөт», - деп белгиледи ал.

Премьер-министр Сапар Исаков мындай преференциялар мигранттарыбызга айлыгы жакшы жумуштарга орношууга жардам берип, алардын социалдык шарттары жакшыртып жана анын жыйынтыктарын өлкөбүзгө акча которуулардын 24%га өсүшү көрсөтүп жатканын белгиледи. Жалпысынан алар 2,4 млрд доллар которушкан.

Пикир

Оставить комментарий