• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Исаков: «Бүгүнкү күндө биздин кызматташтыктын актуалдуу багыттарынын бири ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруу болуп саналат»

Өкмөт 0

Бишкек, 02.02.18. /Кабар/. «Бүгүнкү күндө биздин кызматташтыктын актуалдуу багыттарынын бири ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруу болуп саналат», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 2-февралда, Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңейтилген жыйынында.

Өкмөт башчы россиялык тарапты Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) органдарындагы төрагалыкты кабыл алуусу менен куттуктап, тар форматтагы жолугушуу алкагында кеңешменин күн тартибиндеги бир катар маанилүү маселелер боюнча ачык жана конструктивдүү пикир алмашуу орун алгандыгын белгиледи.

«Жалпысынан биз интеграциялык биримдиктин мындан аркы иштөөсү жана өнүгүүсү боюнча түшүнүшүп жатабыз. Бүгүнкү күндө биздин кызматташтыктын актуалдуу багыттарынын бири ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруу болуп саналат. Белгилей кетсек, россиялык тарап Биримдикте төрагалык кылуу алкагында аны тез жана ийгиликтүү ишке ашыруу милдетин коюуда. Аталган багытты активдүү алга жылдыруу бизге жаңы экономикалык абалда атаандаштык түзүүбүзгө, глобалдык соода-экономикалык түзүлүштөгү өзгөрүүлөрдөн артта калбоого мүмкүндүк берээрине ишенем», - деди Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан «Таза Коом» улуттук санариптик долбоорун ишке ашырууда олуттуу кадамдарды жасоодо, бул жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга, экономиканы өнүктүрүүгө жана коррупцияны минималдаштырууга умтулуп, жашоонун бардык тармактарына алдыңкы маалыматтык технологияларды киргизүүгө багытталып, «таза, ачык коом» дегенди түшүндүрөт.

«Бул сыяктуу масштабдуу долбоорду ишке ашырууда биз белгилүү милдеттерди аныктап алдык. Жалпысынан санариптик экономикага өтүү үчүн бизге укуктук тоскоолдуктарды жоюп, инфраструктураны түзүп, калктын санариптик сабаттуулугун камсыздап, атамекендик IT-компанияларды ишке киргизишибиз керек. Мындай улуттук долбоорлор ар бир өлкөдө ишке ашырылат. Улуттук долбоорлордун мүмкүндүгүн жана натыйжалуулугун арттыруу үчүн улуттук долбоорлорду «ЕАЭБ күн тартиби» менен шайкеш келтирүүгө өзгөчө көңүл буруу маанилүү деп эсептейм», - деди Өкмөт башчы.

Сапар Исаков евразиялык мейкиндиктеги экономикалык өнүгүү үчүн Биримдиктин чоң мүмкүндүктөрүн белгиледи, ал учурда толугу менен өз потенциалын колдоно элек. Мында негизги милдеттердин бири катары негизги төрт эркиндикти ишке ашырууга жолтоо келтирген тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү кыскартуу болуп саналат. Товарлардын, тейлөөнүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн жылуу эркиндигинин институту – бул өнүккөн интеграциялык бирикменин негизи.

«Биргелешкен аракеттер менен биз бул максатка тоскоолдуктарды жоюу аркылуу жетишибиз керек жана аларга кандай гана учур болбосун жол бербөөбүз зарыл. 2017-жылдагы кыргыз төрагалыгынын приоритеттери катары биз Биримдиктин алкагында жалпы эмгек рыногун түзүү боюнча иштерди белгиледик. Буга байланыштуу Биримдикке мүчө мамлекеттердин эмгектенген жарандарын пенсия менен камсыздоо жөнүндө Келишим долбоорун тез арада макулдашуу жана ага кол коюу зарылдыгын белгилеп кетким келет. Ошондой эле артыкчылыктуу багыт катары экономиканын реалдуу секторун активдүү өнүктүрүүгө умтулган чараларды өткөрүү, биргелешкен ишканаларды түзүү менен бардык өнөр жай секторлорундагы кооперацияларды күчтөндүрүү зарылдыгы келип чыгууда», - деп кошумчалады ал.

Өкмөт башчы өнөр жай тармагындагы мамлекеттер аралык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу, каржылоо жана ишке ашыруу жөнүндө Жобону кабыл алуу Биримдик алкагындагы өнөржай кызматташтыгынын негизги багытында белгиленген максаттарды жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет деп билдирди.

«Статистика көрсөткөндөй, өткөн жыл ичинде Биримдик ичиндеги өз ара сооданын көлөмү үчтөн бирге өскөн. Биз өз ара активдүү соода жүргүзө баштадык. Бул өз ара интеграция боюнча биргелешкен иштер сезилээрлик жыйынтыктарды берип жатканын дагы бир ирет далилдейт. Бүгүн биз тараптан ЕАЭБде идентификация каражаттары менен товарларды маркировкалоо жөнүндө Келишимге кол коюлат.

Биздин өлкөлөр ортосунда маркирлөөнүн бирдиктүү системасын ийгиликтүү ишке киргизилиши Биримдик аймагындагы товар айлантуу боюнча көзөмөлдү жакшыртат деп болжонууда. Бул өз кезегинде экономикалык ишмердүүлүктүн ак ниет катышуучуларына сергек атаандаштык чөйрөнү түзүү үчүн маанилүү фактор болуп эсептелет», - деди Сапар Исаков жана аталган системага бизнестин кенен чөйрөсүн тартуу үчүн шарттарды түзүү зарылдыгын кошумчалады.

Жыйынтыгында Премьер-министр Экономикалык биримдик ЕАЭБге мүчө өлкөлөр үчүн туруктуулуктун жана жарандардын бакубаттуулугунун фактору болуп калаарына үмүт артаарын билдирди.

«Өз кезегинде Кыргызстан Биримдик алдында турган негизги милдет-максаттарды натыйжалуу ишке ашырууга активдүү көмөктөшүүгө, кызматташтыкты ыраатттуу өнүктүрүүгө жана ЕАЭБ өлкөлөрү ортосундагы союздаш жана өнөктөш мамилелерди өнүктүрүүгө умтулат», - деп жыйынтыктады Сапар Исаков.

Пикир

Оставить комментарий