• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Исаков БААУга «Достук» орденин тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 11.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-декабрда, Борбордук Азиядагы Америка университетине (БААУ) «Достук» орденин тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 30-августундагы жарлыгы менен БААУга өлкөнүн социалдык-экономикалык, рухий-интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мугалимдердин жана стунденттердин, ошондой эле бүтүндөй жамааттын эмгегин эске алып, ушул чоң сыйлыкты ыйгарган.

Премьер-министр өз сөзүндө университеттин профессордук-окутуучу курамы жана студенттери мындан ары дагы илимди өнүктүрүп жана жогорку квалифициядагы кадрларды даярдап, өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошо берээрине ишеним билдирди.

«БААУнун көптөгөн студенттери мамлекеттик кызмат тутумунда, ири компанияларда, анын ичинде чет өлкөлөрдө иштеп жатат. Университеттин жетишкендиктери тууралуу көп айтса болот. Бул университеттин ар бир бүтүрүүчүсү атаандаштык түзө алган даяр кадр экенине өзүм ынандым, анткени, биздин командада бүгүн БААУнун бүтүрүүчүлөрү иштейт», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Өкмөт Башчы ошондой эле өкмөтүн «Жаны доорго – кырк кадам» программасынын келечектүү багыттарынын бири атамекендик билим берүү системасын өнүктүрүү болуп саналат деп белгилей кетти.

«Кымбаттуу студенттер, силер бардык күч-аракетти тынымсыз билим алууга жумшоо аркылуу өз ишин мыкты билген адис болууга жана жашоодо ишенимдүү кадам шилтеп, өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымын кошууга мүмкүн экендигине ишенүүңүздөр керек. Учурда силердин ата-энеңер жана мугалимдеринер силер менен сыймыктанса, келечекте жалпы өлкө сыймыктангыдай болуусу керек», — деди Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, «Достук» ордени элдер ортосундагы достукту даңазалайт, ал эми БААУ борбор азиялык өлкөлөр жана АКШ ортосундагы көпүрө болуп саналат.

Өкмөт башчы ЖОЖ волонтердук кыймылынын көмөгү аркасында өлкөнүн эл аралык аэропортторунда кызмат өтөгөн КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекетик чек ара кызматынын кызматкерлери англис тилин үйрөнүү курсунан өткөндүгүн өзгөчө белгиледи.

Буга байланыштуу Премьер-министр Сапар Исаков БААУ бир катар студенттерине өз атынан ыраазычылык катын тапшырып, окуудагы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий