• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков БАЭнын Өкмөт жетекчиси, Дубайдын башкаруучусу менен эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 12.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 11-февралда, Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираты) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында БАЭ Вице-президенти, Премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Мухаммед бин Рашид Аль-Мактум менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын жана эл аралык санариптик күн тартиптин актуалдуу маселелери талкууланды.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө мамлекеттик органдардын ишин санариптештирүү жана ар-кыл тармактарга алдыңкы санариптик технологияларды киргизүү боюнча чоң иш жүрүүдө. Анын айтымында, буга байланыштуу кыргыз тарапка БАЭ аталган маселедеги тажрыйбасы өзгөчө кызыгууну жаратат.

Дубайдын башкаруучусу Мухаммед бин Рашид Аль-Мактум «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырууда тажрыйба алмашууга даярдыгын билдирди. Анын айтымында, заманбап шарттарда ар бир мамлекет санариптик чакырыктарга даяр болуусу керек.

Тараптар талкууланган маселелерди эксперттик деңгээлде дыкаат түрдө иштеп чыгууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий