• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исаков Балыкчынын дарыгерлеринин айлык маселесин жыл аягына чейин чечүүгө убада берди

Коом 0


Балыкчы, 12.10.17 /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарында Балыкчы шаардык ооруканасына гемодиализ борбору менен таанышты.

Премьерге борбор жана бөйрөк оорусуна чалдыккандардын маселелери тууралуу маалымат берилди.

Белгиленгендей, буга чейин оорулуулар 6 миң сомдон төлөшсө, борбордун ачылышы менен 800 сомго чейин арзандады.

“Бул өзгөчө калктын социалдык алсыз катмары үчүн маанилүү”, - деп Исаков, борбордо аба тазалоочу кондиционер орнотуу зарылдыгын кошумчалады.

Бул ооруканада калктын социалдык алсыз катмары жана Саламаттык сактоо министрлигинин кезегинде турган адамдар гемодиализ алат. Жалпысынан Балыкчыда 110 адам гемодиализ алат.

Өз кезегинде жергиликтүү оорукананын дарыгерлери эмгек маянасынын төмөндүгү тууралуу маселени көтөрүштү. Премьер бул боюнча токтомду кайра карап чыгуу керектигин белгилеп, жыл аягына чейин бул маселени чечүүнү убада кылды.

Бул борборду Балыкчы шаарына ишкер Мирлан Исагалиев белек кылган. Ал өз каражатына куруп, мамлекетке өткөрүп берген.

Пикир

Оставить комментарий