• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Исаков Баткен облусундагы бир катар социалдык обьектилерди кыдырды

Өкмөт 0


Бишкек, 14.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 13-февралда Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай районунун Орозбеков айыл округундагы орто мектептин расмий ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Салтанатта Өкмөт башчы белгилегендей, мугалимдердин ишинен көп нерсе көз каранды болуп саналат.

«Биздин балдарды өнүктүрүүгө кошкон салымыбыздан Кыргызстандын келечеги көз каранды. Балдар келечекте биздин өлкөнү өнүктүрүүсү жана анын атын алыска чыгаруусу үчүн мыкты билим алуусу тийиш», – деди Сапар Исаков.

Ошондой эле Премьер-министр белгилегендей, Баткен облусу динамикалуу түрдө өнүгүүдө. Акыркы 6 жылда маанилүү социалдык обьектилерди куруу боюнча чоң иштер аткарылууда.

Өкмөт башчы мектептин компьютердик классына сертификат тапшырды. Курулуш иштери 2015-жылы башталган. Эки кабаттуу мектеп 275 окуучуга эсептелген, анда аянты 288 чарчы метрлик спорт залы жана 40 орундук ашкана каралган.

Андан соң Өкмөт башчы Кадамжай шаарындагы 45 квартиралуу турак жайдын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Аталган объект 2011-жылы Кадамжай районунда орун алган жер силкинүүдөн жабыркагандар үчүн каралган.

Бүгүнкү күндө курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталган, бирок каржылоо жана кредит мөөнөтүнө тийиштүү көйгөйлөргө байланыштуу обьектти ишке киргизүү процесси создуктурулушу мүмкүн. Сапар Исаков Финансы министрлигине курулушту жыйынтыктоо үчүн жетишсиз 10 миллион 700 миң сом каражатты издеп табуу тапшырмасын берди. Ошондой эле шаар мэриясына жана Финансы министрлигине биргелешкен эсептерди чыгарып, кредитти жоюу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маселени иштеп чыгуу тапшырылды.

Жумушчу сапарынын жыйынтыгында Сапар Исаков көчөттөрдү өстүрүү жана сатуу менен иш алып барган «Арпасай-Береке багы» кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

Кооперативдин төрагасы Исманалы Юлдашевдин айтымында, көчөттөрдүн сатылышы жылдан жылга өсүп жатат. Өзгөчө өрүктүн жана алманын көчөттөрү суроо талапка ээ.

Кооперативдин башчысы Премьер-министрге көчөттөрдүн жаңы сортторун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Сапар Исаков тийиштүү органдарга маселени изилдеп чыгуу тапшырмасын берди.

«Жаңы доорго кырк кадам» Өкмөттүк программасында кооперативдерди өнүктүрүү боюнча кадам бар. Өкмөт бул ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн колдон келген жардамын көрсөтөт»,- деп жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий