• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков Бинод Чаудхари менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 16.03.18. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Непалдан келген белгилүү филантроп Бинод Чаудхарини кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Сапар Исаков белгилегендей, Кыргызстанга келген мейман өз сапары аркылуу республикага инвестициялоого кызыкдарлыгын көрсөтүүдө. «Мен үчүн сиздин биздин жерге келгендигиңиз, бизге кызыгуу артып жаткандыгыңыз жана долбоорлорду сунуштап жатандыгыңыз абдан жагымдуу», - деп билдирди Өкмөт башчы.

Бинод Чаудхари Кыргызстанга жасаган сапары ага жагымдуу учурларды тартуулагандыгын жана келечектеги жемиштүү кызматташтыкка ишеним арткандыгын белгиледи.

«Кыргызстан мен үчүн өзгөчө мамлекет.

Сиздердин өлкө мага жакшы таасирлерди берди, мында мени ар дайым меймандостук менен жылуу маанайда тосуп алышат. Кыргызстандын туристтик тармакта да чоң мүмкүндүктөрү бар», - деди ал.

Андан соң тараптар Бинод Чаудхари тарабынан инвестициялоо үчүн артыкчылыктуу тармактарга кенен токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Премьер – министр мейманды Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өтүүчү Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышып кетүүгө чакырды.

Бинод Чаудхари социалдык жана экологиялык, анын катарында ак илбирсти коргоо маселесине өзгөчө көңүл бураарын эске алуу менен, бул жылы Көчмөндөр оюнунун символу ак илбирс экендигине байланыштуу аны жайылтууга көмөк көрсөтүү ниетин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий