• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Исаков Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Өкмөт 0

Бишкек, 27.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 27-декабрда, Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Кеңешме министрлик жана ведомство жетекчилеринин катышуусунда республика аймактарынын жана шаарларынын көйгөйүн ыкчам чечүү боюнча үзгүлтүксүз жолугушуулардын алкагында өткөрүлгөн. Мурда мындай кеңешмелер өлкөнүн бардык облустары боюнча өткөрүлгөн.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, Бишкек шаары – республиканын борбору жана анын экономикалык жана өнөр жай мүмкүнчүлүгү атамекендик экономикада өзгөчө орунду ээлейт.

Премьер-министр Бишкекте акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан жагымдуу өзгөрүүлөрдү белгилеп, мэрия жетекчилигине аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдирди.

Буга катар Сапар Исаков белгилегендей, бүгүнкү күндө шаарда бир катар көйгөйлөр бар, аларды чечүү үчүн натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгуу зарыл.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов муниципалитет тараптан жакынкы жылдарга борборду өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктаган жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча 2017 -2020-жылдарга «Жагымдуу шарты бар шаар» Программасын ишке ашыруу активдүү жүрүп жаткандыгын маалымдады.

Мындан тышкары, Албек Ибраимов Чоң Чүй каналынын жээгиндеги турак-жайлардын аймагындагы жер астындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүүгө, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен борбордогу светофордук обьектилерди кармоо боюнча жоопкерчиликти бөлүштүрүүгө, билим берүү мекемелерин заманбап окуу куралдары менен жетиштүү түрдө камсыздоого, Бишкектеги зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгуусун көзөмөлгө алууну уюштурууга, «Бишкексууканалдын» тазалоочу жайларындагы кайтарылган аймактагы мыйзамсыз курулуштарга, ошондой эле айрым маселелерди ыкчам чечүү үчүн айрым мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына ыйгарууга байланыштуу шаар көйгөйлөрү тууралуу маалымат берди.

Премьер-министр Сапар Исаков тийиштүү мамлекеттик органдарга кеңешменин жүрүшүндө айтылган маселелер боюнча ыкчам тартипте сунуш киргизип, чараларды көрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы эскерткендей, жакын арада Бишкек шаарында «Акылдуу шаар» долбоорун ишке киргизүү башталат жана аны ийгиликтүү ишке ашырууда өлкөнүн жалпы министрлик жана ведомство жетекчилерин Бишкек шаарынын мэриясына колдон келген көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий