• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Исаков: Биз Чыңгыз Айтматовду эскерип, аны бүт дүйнөгө таанытышыбыз керек

Өкмөт 0

Талас, 12.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Биз улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эстеп, аны бүт дүйнөгө таанытышыбыз керек. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылында белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маарекелик иш-чаралардын ачылышында билдирди.

Анын айтымына караганда, Чыңгыз Айтматов Кыргызстандын бүткүл дүйнөгө тааныткан.

“Бул жылы Айтматов 90 жашка чыкмак. Ал дүйнөгө жаңы философия тартуулады. Мен жаш муундун өкүлү катары Чыңгыз Айтматов жашаган өлкөдө , Кыргызстанда төрөлгөнүмө сыймыктанам. Биз ар дайым анын чыгармаларын эстеп турушубуз керек. Айтматовду бир гана Орто Азия эмес бүтүндөй дүйнө окуйт. Мен башка өлкөлөргө көп чыгам. Мени кайсыл жактан келдиң деп сурашканда Кыргызстанды айтсам, алар Айтматов тууралуу айтышат”,-деди өкмөт башчы.

“Өкмөт улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата программа иштеп чыгууда. Иш-чара бир гана Кыргызстанда эмес, КМШ өлкөлөрүндө жана түрк тилдүү өлкөлөрдө да өтөт. ТҮРКСОЙ 2018-жылды Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыялады. Бул биз үчүн чоң сыймык”,-деп кошумчалады ал.

Сапар Исаков билдиргендей, Шекер айылындагы Айтматов атындагы музей бюджеттин эсебинен оңдолот.

Пикир

Оставить комментарий