• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Исаков: Биз идеялар, креативдүүлүк, технологиялар жана инновациялардын эркин жүрүүсү үчүн санариптик «Жибек Жолун» курууну сунуштайбыз

Өкмөт 0

Бишкек, 01.12.17 /Кабар/. «Биз маалыматтык технологиялар жаатындагы идеялар, креативдүүлүк, технологиялар жана инновациялардын эркин жүрүүсү үчүн санариптик «Жибек Жолун» курууну сунуштайбыз. Эгерде унаа жана темир жолдору бир багыттуу жол болсо, деңиз жана аба жолу андан көбүрөөк мүмкүндүк берсе, ал эми виртуалдык жолдор миллиондогон мүмкүндүктөргө ээ болот», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 1-декабрда, Россия Федерациясынын Сочи шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кеңири курамдагы жыйынында. Бул тууралуу өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы эскерткендей, өткөн жылы Уюм негизделгендигинин 15 жылдыгын белгиледи. Ал Бишкекте өткөн Өкмөт башчылар кеңешинин юбилейлик жыйынынын жыйынтыктары дагы бир ирет мүчө-мамлекеттердин Уюмдун келечектеги өнүгүүсүн жактай тургандыгын тастыктагандыгын белгиледи.

Сапар Исаков белгилегендей, ШКУ Ишкер кеңешинин жана Банктар аралык бирикмесинин иши ШКУга мүчө-мамлекеттердин бизнести жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жалпы аракеттеринин маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Премьер-министр ошондой эле көңүлдү аймактык маанидеги долбоорлорго бурду жана ШКУ өлкөлөрүнүн транзиттик жана экспорттук мүмкүнчүлүгүн кескин жогорулатуучу «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун тез арада ишке берүүгө кызыкдарлыгын билдирди,

«Биз жалпысынан аймактагы транспорттук инфраструктураны жакшыртууга жана тийиштүү макулдашылган укуктук базанын түзүлүшү үчүн чыгуудабыз. Бул контекстттен алып караганда 2014-жылы Дүйшөмбү шаарында кол коюлган эл аралык унаа менен жүк ташуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө Келишимди ишке ашырууну тездетүү маанилүү деп эсептейбиз», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Мындан тышкары, Премьер-министр белгилегендей, Уюм өлкөлөрүн өнүктүрүүнүн бирден-бир маанилүү компоненти катары бирдиктүү евразиялык мейкиндикти жана Чыгыш менен Батышты бириктирген транспорттук коридорду түзүү эсептелет.

«Бирдиктүү транспорттук коридорду түзүү КЭРдин «Бир алкак – бир жол» глобалдык демилгесинин алкагындагы Жибек Жолу экономикалык алкагы долбоорунун негизги максаттарынын бири болуп саналат», – деп жыйынтыктады Сапар Исаков.

Пикир

Оставить комментарий