• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Исаков бизнес-ассоциациялар тарабынан уюштурулган ишембиликке катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 08.04.18 /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 8-апрелде, «Таза Жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында бизнес- ассоциациялар тарабынан уюштурулган ишембиликке катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагында өткөн ишчарага коомдук, атамекендик компаниялардын өкүлдөрү жана өлкөнүн жарандык сектору катышты.

Катышуучулардын алдында сөз сүйлөп жатып, Өкмөт башчы «Таза Жашоо» улуттук кампаниясын жигердүү колдоп жаткандыгы үчүн бизнес өкүлчүлүгүнө ыраазычылыгын билдирди. Анын айтымында аталган акция коомчулуктун жакшы жөрөлгөсүнө айланды.

Премьер-министр ошондой эле Өкмөт туруктуу негизде атамекендик ишкерлер менен тыгыз иш алып барганын, алардын көйгөлөрүнө көңүл коюп жана убагында чечкенге аракет кылынып жатканын белгиледи.

Сапар Исаков мамлекеттик органдар тарабынан инфраструктураны жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча аракеттер улантыларын белгиледи.

Өкмөт башчы жана ишембиликтин катышуучулары бак көчөттөрдү отургузушту. Ишембиликтин алкагында дээрлик 3000 көчөт отургузулду.

Пикир

Оставить комментарий