• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исаков Борбор Азия боюнча Бүткүл Дүйнөлүк Банктын аймактык директору менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 28.09.17 /Кабар/. Премьер-министр Сапар Исаков Борбор Азия боюнча Бүткүл Дүйнөлүк Банктын аймактык директору Лилия Бурунчук менен жолукту. Жолугушууда учурдагы долбоор жана мындан аркы биргелешкен кызматташтыктын келечеги тууралуу сөз болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы Бүткүл Дүйнөлүк Банк өлкөдөгү бир катар социалдык-маанилүү долбоорлорду ишке ашыруучу Кыргызстандын бирден бир өнөктөшү болуп саналарын билдирди.

«Биздин биргелешкен күч арекетибиз айрыкча «Digital CASA» биргелешкен долбоорунун алкагында өлкөнүн социалдык абалын камсыз кылууга багытталган. Мындан тышкары биз мамлекеттик чыгымдарды оптимизациялоого мүмкүнчүлүк берген «Таза Коом» долбоорун биргеликте ишке ашырууга кызыкдарбыз. Жалпы маалымат өлкөдөгү көптөгөн позитивдүү өзгөрүүлөрдү жасоого мүмкүнчүлүк берет» -деп баса белгиледи Сапар Исаков.

Ошондой эле Премьер министр жакынкы убакытта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук порталы ишке киргизүүлүсү пландалып жатканын кошумчалады.

«Биз биринчи этапта тогуз мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук форматын киргизүүнү пландап жатабыз. Бара-бара биз алардын санын көбөйтөбүз. Бул иш чара айыл эли үчүн көрүнүктүү деңгээлде ыңгайлуу шарттарды түзөт жана керектүү документтерди алуу үчүн финансы каражаттарын, кыйла убакытты үнөмдөөгө жардам берет» – деп белгиледи Сапар Исаков.

Ошондой эле Премьер-министр өлкөнүн райондорун интернет байланышы менен камсыз кылуу боюнча Өкмөттүн пландарын айтып берди.

Өкмөт башчы ошондой эле “Таза коом” долбоорун толук кандуу ишке ашыруу көп тармактуу интернет байланышы жок республиканын айылдарында мүмкүн эмес. Акыркы эки жылда интернет кызматына болгон баанын төмөндөшү жана анын ылдамдыгын жогорулатуу пландалганын белгиледи.

Борбордук Азиядагы Бүткүл дүйнөлүк банктын аймактын директору Лилия Бурунчук “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу өлкөнүн кийинки өнүгүүсүнө негизги ачкыч болуп саналаарын белгиледи. Муну менен бирге белгиленген түзөтүүлөрдүн натыйжалуу иштеши үчүн элдин өз ара байланышынын маанилүулүгүн белгиледи.

Мындан тышкары ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго – кырк кадам» программасы менен Бүткүл Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү таанышып чыгышканын жана анын уюштурулушуна өздөрүнүн сунуштарын даярдаганын билдирди.

Ошондой эле Лилия Бурунчук экономиканын ар кайсы тармактарындагы башка долбоорлор боюнча өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин да кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий