• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Исаков: Борбордо дээрлик миллиондой жаран жашайт, бул абдан көп

Коом 0

Бишкек, 09.02.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков бүгүн шаардык мэриянын кеңейтилген коллегиялык жыйынында сөз сүйлөдү, анда 2017-жылдын жыйындыгы жана 2018-жылга карата алдыга коюлган пландар тууралуу сөз болууда.

Исаков аталган иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Бишкек шаардык мэриясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясат тууралуу өз оюн билдирди.

“Өлкөнүн маанайы анын борборунда калыптанат, себеби дегенде борбордо дээрлик миллиондой жаран жашайт. Бул абдан көп. Акыркы жылдары активдүү өсүү байкалууда: аймактагылардын көбү борборго көчүп келип, жаңы жашоо башташууда”,-деп өз сөзүн баштады өкмөт башчы.

Бишкек шаарын дүйнөдөгү мыкты борборлордон кылып өзгөртүү тууралуу оюн айтты.

“Мен басканга жагымдуу, жашыл, инфраструктурасы жакшы борбордо жашагым келет”,-деп билдирди ал.

Ал дүйнөнүн көптөгөн шаарларында болгондугун жана ал жактар өзүнүн өзгөчөлүгү жана кайталангыстыгы менен өзгөчөлөнүн тураарын айтып, келечекте Бишкек аларды ашып өтөөрүнө ишеним арта тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий