• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Исаков: : Centerra экологиялык төлөмдөрдүн суммасын 310 миң доллардан 3,1 млн долларга чейин жогорулатыш керек

Экономика 0

Бишкек, 25.08.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстан канадалык Centerra Gold Inc компаниясына экологиялык төлөмдөрдү 10 эсе - 310 миң доллардан жылына 3,1 млн долларга чейин жогорулатуу керек деген талап коюу керек.

Бул утуралуу премьер-миинстрликке талапкер Сапар Исаков ЖКнын кезексиз жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, Кумтөр дагы 7-8-жыл иштейт. Андан соң ишкана алтын казууну токтотушу керек. Анын алдында экологиялык маселелерди чечүү керек.

“Менин оюмча, биз Centerra Gold Inc компаниясына талап коюшубуз керек. Компаниянын бүгүнкү күндөгү экологиялык төлөмү жылына 310 миң долларды түзөт. Бул сумманы 10 эсеге жогорулатыш керек. Мындан сырткары, ишкананын социалдык жоопкерчилигин көтөрүү керек”,- деди Исаков.

Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө 23 млн долларлык калыбына келтирүүчү фонд бар.

“Бул фонд Ротшильдовдун башкаруусунда турат. Биз аны Кыргызстанга алып келип, өлкө экономикасынын пайдасына иштей турган кылышыбыз керек. Бул биринчи кадам болот, ага биздин бардык шарттарды жөнөтөбүз”,-деп кошумчалады Исаков.

Пикир

Оставить комментарий