• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Исаков Чүй облусундагы өзгөчө кырдаал кесепеттерин жоюу боюнча толук чараларды көрүү тапшырмасын берди

Өкмөт 0

Бишкек, 24.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 23-декабрда, Чүй облусундагы жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнүн натыйжасында турак-жайлардын суу астында калуу кесепеттерин жоюу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев маалымдагандай, Өкмөт башчынын аталган тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана Өкмөттүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте аймактагы суу астында калган жерлерди жеринде көрүп чыгуу өткөрүлгөн.

Анын айтымында, жер астындагы суулардын көтөрүлүшү «Шамшы», «Кызыл-Суу» жана «Чу» дайраларындагы суунун көлөмү жогорулагандыгына, ошондой эле коллектордук-дренаждык тармактардын бузулгандыгына жана өз учурунда тазаланбагандыгына байланыштуу орун алган.

Мындан тышкары, Дайыр Кенекеев белгилегендей, суу астында калуунун себеби катары жеке субъектилердин жана чарба ээлеринин коллектордук-дренаждык тармактарда курулуштарды тургузуусу эсептелет.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымдагандай, учурда дренаждык тутумдарды тазалоо үчүн атайы техника тартылган.

Премьер-министр Сапар Исаков тийиштүү мамлекеттик органдарга жергиликтүү бийлик менен катар Чүй облусундагы жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнүн натыйжасында турак-жайлардын суу астында калуу кесепеттерин жоюу боюнча толук чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өзгөчө кырдаал кесепеттерин жоюу боюнча бардык тийиштүү чараларды өз учурунда каржылоо тапшырылды.

Буга катар Өкмөт башчы ыкчам тартипте «Чу» дайрасынын жээгин чыңдоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Өкмөттүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен биргеликте мындай абалдын кайталанбашы үчүн коллектордук-дренаждык тармактарды реконструкциялоо жана модернизациялоосу тапшырылды.

Ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдарга жеке субъектилердин жана балык чарба ээлеринин коллектордук-дренаждык тармактарда курулуштарды тургузуусунун мыйзамдуулугун иликтеп чыгуу тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий