• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков Үч-Коргон айылында жашаган аз камсыздалган үй-бүлөнүн абалынан кабар алды

Өкмөт 0

Бишкек, 12.01.18. /Кабар/. КРнын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 12-январда, Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Манас районунун Үч-Коргон айылында жашаган, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн катарына кирген Бопушева Аселдин үй-бүлөсүнөн кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Бопушева Асел 4 баланы жалгыз тарбиялоодо, бардыгы мектепте окуйт. Ал билими жоктугуна байланыштуу эч жерде иштебейт. Өздөрүнө тийиштүү турак жайлары жоктугуна байланыштуу батирди ижарага алууга муктаж.

Үй-бүлө социалдык жактан аялуу катмарга кирет. Сапар Исаков материалдык колдоо көрсөтүп, балдарга белектерин тартуулады жана жылуу сөздөрүн айтты, аны менен катар тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган үй-бүлөнүн социалдык маселелерин чечүүдө көмөк берүүсүн тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий