• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Исаков Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаттарын куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 13.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 12-декабрда, бир катар номинациялар боюнча Чынгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденүүгө сынак жеңүүчүлөрүн куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы жаш лауреаттарга куттук сөз айтып, бүгүнкү иш-чаранын өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бүгүн биз улуу жазуучу Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун туулган күнүндө аны эстеп олтурабыз. МенЧ.Айтматов атындагы сыйлык ээлерине куттук айтам.Улуу кыргыз жазуучусунун чыгармачылыгы бүткүл дүйнө жүзүнө таанылды. Бул биздин сыймыгыбыз. Жалпыбызга белгилүү болгондой, анын эмгектери 180 ашуун мамлекетте которулган», — деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, Чыңгыз Айтматов улуу ойчул, философ катары да белгилүү, анын чыгарачылыгы аркылуу бүт дүйнө жүзү Кыргызстан мамлекети бар экендигин билген.

«Белгилүү жазуучубуздун жолун жолдоп, биздин өлкөнүн туусун бийик көтөргөн жарандар чыгып жаткандыгына кубанычтамын. Бул нерсе сиздер үчүн шык болуп берет деген пикирдемин. Мындан ары карай Кыргызстандын атын алыска тааныта бересиздер деген ишеничтемин», — деди Сапар Исаков.

Жолугушуунун соңунда Өкмөт башчы жаштарга ден-соолук, ийгилик жана жетишкендиктерди каалап, төмөнкү номинациялар боюнча Чынгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгынн тапшырды:

- «Адабияттагы мыкты чыгарма» — Жангазиев Максат;

- «Журналистика жана телевидение жаатындагы мыкты чыгарма» — Таабалдиев Асхат;

- «Музыкалык искусстводогу мыкты чыгарма жана аткаруучулук чеберчилик» — Карагулов Талант;

- «Көркөм өнөр искусствосундагы мыкты чыгарма (скульптура, живопись, графика, декоративдик-колдонмо жана монументалдык искусство» — Нурлан Аскат уулу;

- «Шаар куруу, архитектура жана дизайн жаатындагы мыкты ишке ашырылган долбоор» — Иманалиев Даниярбек;

- «Театралдык, цирк искусствосундагы мыкты чыгармалар үчүн» — Сыдыков Марат;

- «Кино жана телевидение жаатындагы мыкты жетишкендиктер үчүн (сценардык, композитордук, режиссердук, оператордук жана актердук эмгек)» — Абдыкалыков Мирлан;

- «Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты эмгек үчүн» — Касымова Наргиза;

- «Экономикв, бизнес жана меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендиктер үчүн» — КасмалиеваИлимар;

- «Спортжаатындагы мыкты жетишкендиктер үчүн» — Элеман Догдурбек уулу;

- «Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн» — Элийзар Тилебалды уулу.

Мындан тышкары Премьер-министр«Чынгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты» наамын төмөнкүлөргө ыйгарды:

- «Адабияттагы мыкты чыгарма» — Абубакирова Асель;

- «Журналистика жана телевидение жаатындагы мыкты чыгарма» — Калматов Руслан;

- «Музыкалык искусстводогу мыкты чыгарма жана аткаруучулук чеберчилик»

- Мелисбекова Чолпон,

- Курманова Наргиза,

- Аманбаев Сапарбек;

- «Көркөм өнөр искусствосундагы мыкты чыгарма (скульптура, живопись, графика, декоративдик-колдонмо жана монументалдык искусство» — Жороев Арзымат;

- «Шаар куруу, архитектура жана дизайн жаатындагы мыкты ишке ашырылган долбоор» — Мусакеев Нияз;

- «Театралдык, цирк искусствосундагы мыкты чыгармалар үчүн» — Мамутова Нургүл;

- «Кино жана телевидение жаатындагы мыкты жетишкендиктер үчүн (сценардык, композитордук, режиссердук, оператордук жана актердук эмгек)»

- Жураева Асель,

- Дастан Жапар уулу;

- «Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иштер үчүн» — Нурдинов Байгелди;

- «Экономика, бизнес жана меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендиктер үчүн» — Субанкулов Искандар;

- «Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн»

- Надырбеков Союзбек,

- Кыдыралиева Мээрим.

Пикир

Оставить комментарий