• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исаков: Чечилбеген маселе болбойт

Өкмөт 0

Бишкек, 19.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 18-октябрда Казакстан Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Астана шаарында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуу маалында эки тараптуу экономикалык кызматташуу багытындагы маанилүү маселелер талкууланды.

Тараптар тар жана кеңири курамда чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, ЕАЭБ жана ДСУ көрсөтүлгөн нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен бажы жана салык эрежелери тууралуу маселелери талкуулашты.

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы боордоштук мамилелер бекемделишине жана мындан ары өнүгүшүнө ишеним артарын билдирди.

«Бүгүн биздин алдыбызда бир катар маселелер турат. Биздин өлкөлөр бир биримдиктин мүчөлөрү. Биз конструктивдүү диалог курууга даярбыз. Мен ойлойм, чечилбеген маселе болбойт, алардын бардыгы конструктивдүү негизде каралышы керек», — деди Сапар Исаков.

Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев бул Сапар Исаковдун Премьер-министр катары алгачкы жумуш сапары экендигин айтып, эки элдин ортосундагы мамиле бекемделишине өзгөчө басым жасады.

«Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев белгилегендей, боордош эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар аймактагы натыйжалуу өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн үлгү болушу керек. Бүгүнкү күндө Казакстанда биргелешкен капитал менен иш алып барып жаткан 700 ашык компания бар. Аны менен бирге товар алмашуу өсүп, акыркы 7 айдын жыйынтыгы менен 28% түздү», — деди Бакытжан Сагинтаев.

Мындан сырткары Казакстандын Премьер-министри Кыргыз Республикасында Президенттик шайлооунун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Казакстандын Өкмөт башчылары 19-октябрь 00.00 сааттан баштап, кыргыз-казак чек арасында жеке жүгү менен өткөн жургүнчүлөр, жүргүнчулөрдү ташыган автоунаалар, жеңил унаалар жана жүк ташуучу бош унааларды өткөрүүгө приоритеттүү тартипти камсыз кылууну сүйлөшүштү.

Мындан сырткары эки тараптуу экономикалык маселелерди чечүүгө чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, ЕАЭБ жана ДСУ көрсөтүлгөн нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен бажы жана салык эрежелери тууралуу маселелерди чечүүгө Кыргызстан менен Казакстандын биринчи вице-премьер-министрлери башында турган жумушчу топ түзүүгө жана ал жумушчу топ 5 жумушчу күндүн ичинде биргелешкен «Жол картасын» түзүү боюнча келишимге жетишти.

«Жол картасы» түзүлгөндөн кийин тараптар көрсөтүлгөн нормаларды жана эрежелерди бузбай турган тартипте иш алып барууну камсыздоо тууралуу чечим кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий