• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Исаков Чоң-Алай районундагы Кара-Мык айылында жергиликтүү тургундар менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 26.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 25-сентябрда, Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Мык айылында жергиликтүү тургундар менен жолукту.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын май айынын башында Ош облусунун Чоң-Алай районунда жер титирөө болуп, жыйынтыгында 642 турак жай курулуштары жарактан чыгып, авариялык абалда турат. Учурда 566 турак үйдүн курулушу журүп жатат. Курулуш иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн каражаттан 24 млн. сом акча бөлүнгөн.

Жергиликтүү тургундар менен жолукканда Премьер-министр аймактарга келгенинин негизги максаты суук түшкөнгө чейин жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн чечүү экенин баса белгиледи.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар ипотекалык насыя алуу жолдорун жеңилдетүү, бир катар айылдарга чек арада жайгашкан аймак катары статус берүү, ЖОЖ балдарды окутууга кеткен каражаттарга жеңилдиктерди киргизүү, пенсияны жогорулатуу жана көмүрдүн баасын көтөрбөө сыяктуу бир катар маселелерди көтөрүштү.

Өкмөт башчы айтылган бардык маселелер ыкчам түрдө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан каралып чыгарын билдирди.

Сапар Исаков окуудагы төлөмдөрдү жеңилдетүү үчүн ЖОЖ ректорлору менен жолугарын билдирди. Ал аймактардагы көйгөйлөрдү жеринен көрүп, чукул арада аны чечүү чараларын көрүү үчүн атайын бир катар министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерин ала келгенин кошумчалады.

Премьер-министр Сапар Исаков ошондой эле Өкмөттүн «Жаңы доорго – кырк кадам» программасынын негизги багыттары тууралуу айтып, анын алкагында билим берүү жана медицина тармагына өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи. Ал эми «Таза коом» долбоорунун алкагында жакын арада алыскы айылдарда бардык тиешелүү документтерди берүүдө жергиликтүү калкты тейлей турган борборлор ачыларын билдирди.

Премьер-министр өзгөчө белгилеп өткөндөй, жеңилдетилген насыя берүү жолдорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча маселени Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими Жумадилла Жапаровго жүктөп, ага насыяга муктаж болгон жарандардын тизмегин тактоону тапшырды.

Андан соң Премьер-министр көп балалуу Рахманали Маматовдун үйүнө барып, анын жашоо шартынан кабар алды. Өкмөт башчы ага материалдык жардам көрсөтүп, үй-бүлөсүнө бекем ден-соолук каалады.

Пикир

Оставить комментарий