• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Исаков дүйнөлүк алдыңкы юридикалык компаниялардын бири «Baker McKenzie» жетекчилиги менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 24.01.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 23-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында дүйнөлүк алдыңкы юридикалык компаниялардын бири «Baker McKenzie» төрагасы Пол Роулинсон менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптардын кызыкчылык туудурган маселелери боюнча кызматташтыктын келечек багыттары талкууланды. Өкмөт башчы белгилгендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда экономиканын ар кыл тармактарын жана мамлекеттик башкаруу тутумун кеңири масштабда реформалоо, анын катарында атамекендик мыйзамдарды өркүндөтүү жаатында активдүү иштер башталды Премьер-министрдин айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө инвестициялоо жана ишкерлик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды караган тийиштүү ченемдик-укуктук база түзүлгөн.

Сапар Исаков Өкмөт тараптан аталган багытта активдүү иш улантылаарын баса белгиледи. Өз кезегинде Пол Роулинсон «Baker McKenzie» компаниялары кыргыз тарапка өлкөдөгү реформаларды жүргүзүүдө тийиштүү юридикалык жана консультациялык көмөк көрсөтүүгө даярдыгын белгиледи. Мындан тышкары, тараптар Кыргызстандын экономикасына инвестициялардын көлөмүн жогорулатуу максатында кыргыз-америкалык ишкерлер кеңешинин ишин активдештирүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий