• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Исаков Дүйнөлүк театр күнүнө карата эл артистерден кабар алды

Өкмөт 0

Бишкек, 30.03.18 /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков 27-март Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата Кыргыз Республикасынын эл артистери Замирбек Сооронбаев жана Дүйшөнбек Байдөбөтовдон кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы атактуу артисттерге атамекендик искусствого болгон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз бардык искусство ишмерлерине ушул майданда эмгектенип жүргөндөрү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин өз кесибиңерди алда канча сүйүп, жан дилиңерди берип жана ушул ишиңерге кызылдай мээнетиңерди салып жатканыңарды билебиз. Өкмөт биздин тарых жана каада-салтка негизделген маданияттын жаңы, заманбап мейкиндиги үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачкан шарттарды түзгөнгө аракеттенет», - деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр азыркы учурда өлкөнүн экономика тармагында алгылыктуу динамика байкалып жатканын баса белгиледи. Буга байланыштуу Өкмөт өз тарабынан маданият жаатына ар тараптан колдоо жана жардам көрсөтөт.

Өз кезегинде эл артистер кесиптик майрамынын урматына көңүл буруп келгени үчүн премьер-министрге ыраазычылык билдирип, ишине ийгиликтерди каалашты.

Өкмөт башчы Сапар Исаков эл артисттерине бекем ден соолук каалап, материалдык жардам берди.

Пикир

Оставить комментарий