• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Исаков: ДКО уюштуруучулардын алдында иш чараны жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча маанилүү милдет турат

Өкмөт 0

Бишкек, 20.03.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 20-мартта, Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын (ДКО) өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кезектеги жумушчу кеңешмени өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы уюштуруучулардын алдында иш чараны жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча маанилүү милдет турат деп белгиледи.

«Бул үчүн ДКОнун жалпы уюштуруу маселелерин гана иштеп чыкпастан, бардык техникалык маселелерди, ошондой эле мурдагы оюндардын тажрыйбасын эске алуу керек. Бизде бул үчүн бардык тийиштүү нерселер, тактап айтканда, масштабдуу иш чара өткөрүү үчүн база бар», - деп белгиледи Сапар Исаков.

Кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министрге Оюнга даярдык көрүү боюнча уюштуруу жана негизги маселелер тууралуу маалымат берилди, анын ичинде Оюн тууралуу жобо, жогорку даражалуу меймандардын, спорттук делегацияларынын тизмесин даярдоо, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, анын ичинде чет өлкөлүк өкүлдөрдүн тизмесин каттоо маселелери бар.

Кеңешменин жыйынтыгында Премьер-министр Сапар Исаков алдыга коюлган маселелер өз мөөнөтүндө жана белгилүү деңгээлде аткарылышы керектигин белгилеп, тийиштүү мамлекеттик органдарга Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 2-сентябрынан 8-сентябрына чейин Ысык-Көлдө Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт.

Пикир

Оставить комментарий