• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Исаков ЕККУ улуттук азчылыктар иши боюнча Жогорку комиссары менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 12.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков ЕККУ улуттук азчылыктар иши боюнча Жогорку комиссары Ламберто Заньер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечегин талкуулады.

Өкмөт башчы Ламберто Заньерге реформаларга көмөк көрсөтүүсү жана ЕККУ баш катчысы иретинде өлкөгө берген жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө республикада улуттар аралык мамилелер маселесине өзгөчө көңүл бурулууда жана акыркы жылдары бул маселе боюнча жетишкендиктер орун алууда.

Мындан тышкары, Сапар Исаков улуттар аралык түшүнүшүү өлкөнүн өнүгүүсүндөгү негизги шарттардын бири болуп саналаарын белгиледи.

Улуттук азчылыктар иши боюнча Жогорку комиссар Ламберто Заньер маалымдагандай, өлкөнүн министрлик жана ведомстволору менен биргеликте укук коргоо тутумун түзүү жана өркүндөтүү маселеси боюнча активдүү иш жүрүп жатат.

Ошондой эле ал ЕККУ тарабынан Эл биримдигин жана улуттар аралык мамилени чыңдоо концепциясын иштеп чыгуунун биринчи баскычы жыйынтыкталгандыгын белгиледи. Премьер-министр Сапар Исаков тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган документти иштеп чыгуу процессине киришүүнү тапшырды.

Ламберто Заньер кошумчалагандай, ЕККУ улуттук азчылыкты мындан ары карай интеграциялоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыкты. Анда мамлекеттик тилди билүү маанилүү фактор катары каралат.

Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тараптар бардык маселелер боюнча конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий